«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун кадрдык саясаты

«МКУ» ААКтын Башкармасынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 115 протоколу менен бекитилген

Жалпы жоболор

1. «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун кадрдык саясаты (мындан ары — Саясат) «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун (мындан ары — Коом) экономикалык жана социалдык натыйжаларына жетишүү үчүн мотивацияланган жана жогорку квалификациялуу команданы түзүү, адам ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу, кызматкерлерди өнүктүрүү жана жагымдуу корпоративдик маданиятты калыптандыруу максатында иштелип чыккан.

2. Кадрдык саясат Коомдун адам ресурстарын башкаруунун эрежелерин жана принциптерин аныктайт. «Коомдун адам ресурстары» деп Коомдун бардык кызматкерлери түшүнүлөт.

3. Саясат Коомдун Башкармасынын чечими менен иштелип чыгат же оңдолот жана бекитилет.

4. Кадрдык саясат жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү кадрдык курамга жүргүзүлгөн мониторингдин, Коомдун иш жыйынтыктарынын жана башкаруу системасынын натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.

Адам ресурстарын башкаруунун принциптери

5. Персоналдын жыргалчылыгы

Кызматкерлер — Коомдун негизги активи. Кызматкерлердин жыргалчылыгы биринчи кезектеги мааниге ээ.

6. Дискриминацияга жана мазактоого жол бербөө

Коом жумуш ордунда дискриминацияга же мазактоого жол бербейт. Буга жаш курагы, жынысы, расасы, улуту, саясий көз карашы, дини жана майыптыгы боюнча дискриминация кирет. Дискриминациянын толук жоктугу адам ресурстарын башкаруунун бардык процесстеринде, анын ичинде жумушка кабыл алууда, кесиптик өнүгүүдө жана кызматтык өсүүдө чагылдырылат. Нөлдүк толеранттуулук сексуалдык мазактоолорго да таралат.

7. Персоналды тандоо кесиптик белги боюнча гана

Бош кызмат орундарына персоналды издөө жана тандоо талапкерлердин квалификация деңгээлине жана кесиптик компетенциясына, алардын жеке, кесиптик жактан маанилүү психологиялык жана социалдык сапаттарына коюлган талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат. Коомдун кызматкерлерин тандоо тышкы да, ички да булактардан жүргүзүлөт.

Коомдун кызмат орундарына квалификациялык талаптар Башкарманын Төрагасынын чечими менен бекитилет.

Кызматкерлерди жумушка алууда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптары сакталат, зарылчылык болгондо сыноо мөөнөтү белгиленет.

8. Эмгек акы төлөөдөгү теңдик принциби

Материалдык сыйлыктын негизги принциби — тең эмгекке тең акы төлөө, башкача айтканда татаалдыгы жана маанилүүлүгү боюнча бирдей кызмат орундарын ээлеген жана иштин натыйжалуулугунун бирдей деңгээлин көрсөткөн кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээли бирдей болушу.

Стратегиялык пландаштыруу жана персоналды оптималдаштыруу

9. Жумушчу күчүн стратегиялык пландаштыруунун негизги максаты — жумушчу күчүнө болгон келечектеги муктаждыктарды алдын ала болжолдоо жана кызматкерлерди жана Коомду санариптештирүү менен автоматташтыруудан келип чыккан өзгөрүүлөргө даярдоо.

10. Кызмат орундарын баалоо процесси Коомдогу ар бир кызмат ордунун салыштырмалуу баалуулугун объективдүү аныктоого мүмкүндүк берет. Ал кызматкерди эмес, тактап айтканда кызмат ордун баалайт. Натыйжалар HR-программаларды (сыйлык, карьералык жолдор, уюштуруу структуралары) иштеп чыгуунун негизин түзөт.

Кызмат орундарын баалоо адам ресурстарын башкаруунун милдеттүү шарты болуп саналат жана ар кандай өзгөрүүлөрдө (кайра уюштуруу, милдеттердин өзгөрүшү, жаңы кызмат орундары) жүргүзүлөт.

11. Бөлүмдөрдүн зарыл жана жетиштүү сандык курамын аныктоо функционалдык милдеттерден жана аткарылуучу иштердин көлөмүнөн келип чыгат. Персоналга болгон муктаждыкты болжолдоонун негизи — Коомдун стратегиясы, узак мөөнөттүү келечектеги максаттар системасы жана персоналдын мониторингинин натыйжалары.

12. Персоналды оптималдаштыруу кызматкерлерди ротациялоону да болжолдойт: ички ротация — Коомдун ичинде кызматтык которуштурууларды жүзөгө ашыруу, тышкы ротация — өз сапаттары жана кесиптик компетенциялары боюнча конкреттүү жумуш ордуна же кызмат ордуна коюлган талаптарга жооп бербеген кызматкерлерди жумуштан бошотуу.

13. Кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жана функционалдык милдеттерин аткаруу сапатын баалоо бекитилген иш-аракетти баалоо жана мезгилдүү аттестациялоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.

Персоналды мотивациялоо жана стимулдаштыруу системасын түзүү

14. Персоналды мотивациялоо жана стимулдаштыруу системасы Коомдун ар бир кызматкеринин жеке эмгек ишинин жана жамааттык эмгек натыйжаларынын пландалган натыйжалуулугуна жетишүүгө, мүмкүн болсо пландалганга салыштырмалуу натыйжаларды жакшыртууга түздөн-түз жана туруктуу кызыкдарлыгын камсыз кылуудан турат.

15. Коомдун кызматкерлерин мотивациялоо жана стимулдаштыруу системасынын базалык компоненти — эмгек акы менен эмгектин натыйжаларынын өз ара байланышын камсыз кылган материалдык сыйлык механизми.

16. Кызматкерлердин материалдык сыйлыгы кызматтык маяна түрүндөгү эмгек акынын туруктуу кепилденген бөлүгүнөн жана кызматкердин өзүнүн, анын бөлүмүнүн жана бүтүндөй Коомдун ишинин натыйжалуулугунун функциясы болгон өзгөрмө бөлүгүнөн турат.

17. Коомдун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн тартиби жана механизмдери ички ченемдик документтер — Коомдун кызматкерлеринин эмгек акысы жана материалдык стимулдаштыруу жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

Уюштуруу тартибин түзүү жана колдоо

18. Коомдун стратегиялык максаттарына жетишүүнүн эң маанилүү шарты — бардык кызматкерлердин өз кызматтык милдеттерин шартсыз аткаруусу, эмгек жана аткаруу тартибин так сактоосу, жетекчилердин баш ийгендерге талапчылдыгы, баш ийгендердин буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана жумуш тапшырмаларын шартсыз аткаруусу.

19. Аткаруучулуктун негизи — Коомдогу уюштуруу тартиби, качан кызматкерлер кызматтык нускамаларда бекитилген өз милдеттерин билип, аткарганда, жетекчилер өз жоопкерчилик чөйрөсүнүн алкагында кабыл алынган чечимдер үчүн жооп бергенде, кабыл алынган жана бекитилген эрежелерге, методикаларга жана нускамаларга ылайык пландаштыруу, отчеттуулук жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүзөгө ашырылганда.

20. Эмгек жүрүм-турумунун эрежелери, ишкердик жүрүм-турумдун этикалык нормалары ички эмгек тартибинин эрежелери менен жөнгө салынат; кызматтык милдеттер, укуктар жана жоопкерчилик кызматтык нускамаларда, жоболордо жана Коомдун регламенттеринде бекитилген.

21. Уюштуруу тартиби Коомдун ишинин негизи болуп саналат, ошондуктан бул тартипти жөнгө салуучу документтердин талаптарынын ар кандай бузулушу олуттуу кемчилик катары каралат жана күнөөлүү кызматкерди жумуштан бошотууга чейин экономикалык да, административдик да мүнөздөгү тиешелүү жазага тартылат.

Окутуу жана квалификацияны жогорулатуу системасын түзүү жана өнүктүрүү

22. Коомдун кызматкерлеринин кесиптик компетенцияларынын жогорку деңгээли туруктуу окутуу жана квалификацияны жогорулатуу системасында колдоого алынып, өнүктүрүлүшү керек. Бул процессте негизги басым корпорация ичиндеги окутууга жасалат, ал ар түрдүү формада болушу мүмкүн: жумуш ордунда окутуу, насаатчылык, Коом уюштурган семинарлар жана тренингдер. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга умтулуусу Коомдун жетекчилиги тарабынан моралдык да, материалдык да жактан колдоого алынат жана стимулдаштырылат.

23. Окутууга болгон муктаждыкты аныктоо үчүн Коом персоналды баалоо жана аттестациялоо жол-жоболорун үзгүлтүксүз жүргүзөт, тактап айтканда:

  • аттестация Аттестация жөнүндө жободо белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык бардык кызматкерлер үчүн жүргүзүлөт;
  • башкы кеңсенин кызматкерлеринин иш натыйжаларын баалоо учурдагы милдеттердин аткарылышынын натыйжалуулугун эсепке алуу жана көзөмөлдөө алкагында ар квартал сайын жүргүзүлөт;
  • филиалдардын жетекчилеринин иш натыйжаларын баалоо жыл сайын жүргүзүлөт;
  • филиалдардын адистерин баалоо филиалдын жетекчиси тарабынан ар квартал сайын жүргүзүлөт.

24. Окутуу Коомдун алдында турган милдеттерди чечүүгө персоналды даярдоо жана персоналдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында пландаштырылат жана жүргүзүлөт.

25. Коомдун окутууга кеткен чыгымдары жыл сайын Башкарманын чечими менен бекитилет.

26. Өндүрүштүк зарылчылык болгон учурларда кызматкерлерди окутууга Коомдун эсебинен акы төлөнүшү мүмкүн. Окутуудан кийин адис окутууга жиберүү жөнүндө келишимде аныкталган мөөнөттө Коомдо иштеп берүүгө, же болбосо Коомго өзүн окутууга кеткен чыгымдарды кайтарып берүүгө милдеттүү.

Корпоративдик маданиятты калыптандыруу жана бекемдөө

27. Корпоративдик маданиятты бекемдөө кызматкерлерде жалпылык сезимин, Коомго таандыктыгын, лоялдуулугун жана иште ишенимдүүлүгүн тарбиялоого багытталган Коомдун иш-чаралары аркылуу жүргүзүлүшү керек. Коомдун ичинде да, тышында да оң имиджди түзүү эмгек жамаатында жана Коомдун өнөктөштөрү менен кардарлары менен болгон мамилелерде корпоративдүүлүктү жана оң социалдык-психологиялык атмосфераны тарбиялоого жана жайылтууга көмөк көрсөтөт.

28. Корпоративдик жүрүм-турумдун принциптери жана корпоративдик маданиятка коюлган талаптар Коомдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде чагылдырылган.

Корутунду жоболор

29. Кадрдык саясатты ишке ашыруу үчүн адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн начальниги жана кызматкерлери коюлган максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү тиешелүү ченемдик документтерди иштеп чыгышат.

30. Кадрдык саясат жөнүндө жобонун ишке ашырылышына көзөмөлдү кадр иштерин тескөөчү Башкарманын Төрагасынын орун басары жүзөгө ашырат.